Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы "Семетей" короосун тургундар өз демилгелери менен жашылдандырып алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын сайтына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, аталган көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жайгашкан короону тургундар өз колдору менен жашылдандырып, эс алуу жайына айландырышкан. Анда отургучтарды коюшуп, короону жашылдандырышкан.
"Короонун аймагына гүлдөрдү өстүрүп, отургучтар коюлган. Мындай жагымдуу атмосфераны тургундар өз колдору менен жасап алышты. Көп кабаттуу батирлерден көчөгө чыккан соң таза абадан дем алып, чымчыктардын сайраганын угууга болот. Ал эми балдар ойногонго жакшы шарттарды түзүп коюшкан", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары ал жерде жашоочуларды кабыл алуу кабинети бар. Ал жерде жашоочулар жолугушуп, ар кандай маселелерди талкуулашат.
Буга чейин мэрия 7-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары да айланасын гүлзарга айлантып, суу сактагыч орнотуп, бадалдарды тиккен сүрөттөрүн жарыялаган.