"Кызың мен менен жашабаса, сенин абийириңди ачам" деп 65 жаштагы адамды коркутканга шектүү кармалды

Баткен облусунда адамды абийириңди ачам деп коркутуп жүргөнгө шектүү жаран кармалды.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айдаркен шаарынын 65 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын телефонуна Д аттуу бала чалып "эгер кызың мени менен жашабаса абийириңди элге ачып, тууган-урукка сүрөттөрүн жарыя кылам" деп бир нече жолу шантаж кылып жүргөнүн жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 186-берене "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Айдаркен шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayzhan12
2021-08-20 12:23:09
Бул дагы Талибандардан үлгү алган окшойт. Бизде дагы Талибандардан айрымасы жок дамбалчандар толуп алган. Аялдарды өзүнүн менчик катары көргөн каракчыларды дароо жок кылгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан