Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 19-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында болгон. Анда аталган унаа жолунда жөө адам өтүп баратканда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.
Натыйжада болжол менен 35-40 жаштардагы жөө адам жеринде каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталып, тергөө уланууда.