Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча 5 кыргыз балбаны килемге чыгат. Кимдер? (тизме)

Бүгүн, 20-августта Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 5 кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.

Бүгүн килем үстүнө чыга турган балбандардын тизмеси: 55 килограмм салмакта: Акыйкат Күлжигит уулу - Алимардон Абдуллаев (Өзбекстан);

63 килограмм салмакта: Өмүрзак Тилекабылов - Исмаил Оручоглу (Түркия);

77 килограмм салмакта: Бакдаулет Эгембердиев - Куннари Саркиньен (Финляндия);

87 килограмм салмакта: Нарту Абдурахманов - Георги Метревели (Грузия);

130 килограмм салмакка чейин: Эрлан Манатбеков - Мухаммед Хамза Бакир (Түркия).

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан