Акын Мирлан Самыйкожо: "Сөз менен чаба билген Акжол азамат экен"

Белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун калемине таандык "Бирик Кыргыз" ырын Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып келген Акжол Махмудов аянтта көркөм окуп, көпчүлүк элди толкуткан. Бул боюнча акын төмөнкүдөй пикирин билдирди.

"Ыр окуу керек болгон жерлерде мен дагы өзүмдүн эмес, башка акындардын ырларынан көркөм айтам. Ошол эле Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Эрлан Жумагазиев, андан улуулар Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев өңдүү акындардын ырларын айтып жүрөм. Ал эми менин ырымды Акжол окуганда "ыр айтылат да" дегендей эле кабыл алдым. Бирок орой чалганды да, торой чалганды да билеги менен эле эмес, сөзү менен чаба билген Акжол азамат экен. Муну менен катар эле Акжолдун үй-бүлөсү дагы окумал адамдар экендигинен кабар алдым. Менин ырым окулганына эмес, желегибиздин желбирегенине, жеп-жутарлар жеген күмүш, алтындын өлкөбүзгө кайтып келип жатканына сүйүндүм", - дейт Самыйкожо.

"Бирик Кыргыз"

Улут белек уңгусу билинбеген,
Уруу белек уюгу бириндеген.
Уюткусу жок беле жети атаңдын,
Улуулугун боюна сиңирбеген.
Бөркү баштан түшпөгөн бийик Кыргыз,
Көркү шамдай жаркыган билик Кыргыз.
Бөлүнгөндө бүлүнөт бүтүмдүгүң,
Бөлөктөргө жем болбой бирик Кыргыз!
Тегиң жаман болчубу тентип кеткен,
Тексиздердин артынан ээрчип кеткен.
Мезгилдери болгонбу бабалардын,
Мекенинин бир бурчун кемтип кеткен.
Сайдын ташын сатпаган тирик Кыргыз,
Салтын бийик сактаган жигит Кыргыз.
Сан миң жылды карыткан тарыхың бар,
Сай-сайларга бөлүнбөй бирик Кыргыз!
Наадан белең тегиңдин дилин бузган,
Найнык белең элиңдин тилин бузган.
Ырксыз белек ырысы ыдыраган,
Ынтымактуу журтуңдун жигин бузган.
Намысыңды, наркыңды билип Кыргыз,
Нагыз улуу дүйнөңө кирип Кыргыз.
Кокту-колот жериңди коё туруп,
Кол башында муштумдай бирик Кыргыз!
Эл ичинен эрлери качкан жаман,
Жең ичинен жерлерин саткан жаман.
Күлкүсүнөн күйүтү арбын болуп,
Күндүз күнү кызарып баткан жаман.
Кайра башкы каныңа сиңип Кыргыз,
Кастарыңды башкага тигип Кыргыз.
Кайырчыдай жер кезип жүрө бербей,
Кадырыңды кетирбей бирик Кыргыз!
Садага чаап салтыңды кечкен болбойт,
Келечектин кендирин кескен болбойт.
Ыйман, абийир, арыңды сыйрып салып,
Ырыскыңды ыгы жок тепкен болбойт.
Бууданыңды кайрадан минип Кыргыз,
Бүт милдетти моюнуңа илип Кыргыз.
Башкаларга кол сунуп жалдырабай,
Байрагыңдын түбүнө бирик Кыргыз!
Жер карабай желкени түздөгүлө,
Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип Кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик Кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик Кыргыз!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal3
2021-08-20 14:31:47
Раимдин жетим жугурук кошоматчысы каяктагы патриоттук ыр жазса кызыктай эле болот экен, кок боруго бироо эшекчен чыга калгансып.....
-2
Mylatka..
2021-08-20 19:39:00
Antiradikal3,туулганынызга да капа болсонуз керек ээ)))жазган ар бир билдирүүнүз негатив маанайда экен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан