"Оодарылып кеткен". Бактыга жараша, Кочкордо жол кырсыкта айдоочу жүргүнчүсү менен аман калды

Нарын облусунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 20-августка караган түнү саат 03:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, тагыраагы Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам (47 жаштагы Э.Н. аттуу аял жана 14 жаштагы Э.К. аттуу кыз) жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда жабыркагандардын абалы орто.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jacob.
2021-08-20 11:46:19
Нарын-Торугарт жолунда кун сайын дтп болуп жатат го, тооба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан