5 күндөн бери жардам жок. Гаитиде жер титирөөдөн кийин тургундар ачык асман алдында күн кечирүүдө

Гаитиде жер титирөөнүн кесепетинен 2 миңге чукул адам каза болуп, 130 миңге жакын турак жай жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, учурда жарандар 5 күндөн бери жардам күтүп жатышат. Аларга дары-дармек, кийим-кече, турай жай жана тамак-аш керек болууда.

"Биз эл аралык жардам алган жокпуз. Колубуздан келгенин жасап жатабыз. Көптөгөн адамдар жаракат алышкан. Жергиликтүү тургундарга суу, тамак-аш, биринчи керектелүүчү буюмдар керек", - деген экс-депутат Бернар Синал.

Өлкөнүн премьер-министри Гаити Ариэль Анри жаратылыш кырсыгынын айынан тургундар үй-жайсыз калып, ачык асман алдында уктап жаткандыктарын моюнга алган. Ошондой эле жабыр тарткан райондорду калыбына келтирүүгө убада берген.
Жер титирөө имараттарга олуттуу зыян алып келген.
Эске салсак, 14-августта күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Пети-Тру-де-Нип аймагынан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кийинчерээк аталган аймакта кайрадан күчү 5,2 баллга жеткен жер силкинүү орун алган.

Жаратылыш кырсыгынан улам Гаитинин премьер-министри Гаити Ариэль Анри өлкөгө 1 айлык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан