Биз социалдык тармакта

Төрөхан Жунусбеков "Мегакомдун" директорунун кеңешчиси кызматынан кеткенинин себебин айтты

"Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков кызматынан өз эрки менен кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Жунусбековго байланышканыбызда тастыктады.

"Ишим келишим боюнча июль айына чейин болчу. Азыр келишим бүттү. Эми күздөгү шайлоого даярдык көрүүдөмүн. Партия менен же бир мандаттуу менен барсамбы деген ойлорум бар. Көрөбүз кайсы партиядан сунуш болот. Балким, "Ишеним" же "Ата-Журт" партиясы менен барам. Варианттарды караштырып жатам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жунусбеков аталган кызматка 2020-жылдын 7-декабрында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан