Ооганстанда талибдерге каршы алгачкы нааразычылык акциялары башталды (видео)

Кечээ, 19-августта Ооганстандын Кабул жана бир канча шаарларында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө жүздөгөн адамдар бийликке келген "Талибан" кыймылына каршы ураандар менен нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, митингчилердин колунда Ооганстандын желеги болгон. Кабулдагы митинг учурунда талибдер асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Ал эми Асадабад шаарында митинг учурунда бир нече киши талибдердин огунан набыт болгон.

Өз кезегинде талибдер элди үйлөрүнө кайтууга чакырып, репрессия болбой тургандыгын айтышууда.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ооганыстандыктар талибдерге каршы нааразычылык акциясына чыга башташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан