Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн контртеррордук иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун 1994-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кармалган адам 2016-жылы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар зонасына кеткен.
"Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Ооганстанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз өлкөсүнө келген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жарандын башка кылмышка байланышын аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда", - деп билдиришти атайын кызматтан.