Бүгүн, 20-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүн чектеш чек аралар эле эмес, достук ынактыгы, көп кылымдык биргелешкен жанаша жашоо, экономикалык, саясий, экологиялык жана демографиялык кызыкчылыктар да бириктирип турарын баса белгиледи.
"Биздин бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы көрүнүктүү окуя. Бул күндөрү өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга салым кошот деп ишенем. Кыргыз өлкөсү биздин мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун тереңдешине өзгөчө маани берип, мындан ары да Биримдик мейкиндигинде интеграциялык процесстердин кийинки өнүгүүсүнө салым кошоруна ишендирип кетким келет", - деди Садыр Жапаров.
Президент өткөн жылы бардыгы дүйнө үчүн күтүүсүз болгон коронавирус пандемиясына туш болуп, анын кесепеттери бардык коомчулуктун социалдык-экономикалык жашоо көндүмүнө өчпөс так калтырып жана экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келгенине токтолду. Бирок кубаныч менен белгилей кетүүчү нерсе Биримдиктин бардык өлкөлөрү ынтымактуу реакция кылып жана гуманитардык жардам берүү, «жашыл коридор» уюштуруу, санариптик тармакка өтүү жаатында бири-бирине мүмкүн болгон максималдуу колдоону көрсөтүштү.
"Быйыл биздин биримдикке 7 жыл болду жана биз бул убакыт аралыгында көп нерседен өтүп, көп нерсеге жетиштик. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы Кыргыз Республикасынын эле эмес, биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө, экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келгенине жараша 3,8 пайызды түзөт", - деди президент.
Бул прогноздор медициналык вакциналардын жайылышы менен коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы учурлардын кыскарышын, саясий туруктуулукту кармоону жана тышкы суроо-талапка ылайык соода шарттарынын жакшырышын талап кылат.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Биримдиктин бардык мүчө мамлекеттери үчүн өтө маанилүү болуп келе жаткан маселелерге көңүл бурду. Негизинен:
Мамлекет башчысы биримдик иштеген мезгил аралыгында жалпы рынокту түзүүгө жана евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган максаттарга жетишилгенин белгиледи. Мындай жетишкендиктерге пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлушун, «Чек арасыз жумуш» жана «COVID жок саякаттоо» долбоорлорун ишке киргизүүнү, ошондой эле «ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өндүрүштүк саясатынын негизги багыттары» документинин кабыл алынышын кошсо болот. Бул документ аркасында өндүрүштүк кызматташтыктын негизги приоритеттери дүйнөдөгү өндүрүштүк өнөр жайдагы стандарт жана өзгөргөн тенденцияларды эске алуу менен жаңыртылып жана өзгөртүлүп түздөлдү.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров Биримдикке мүчө мамлекеттердин ар биринин потенциалын жогорулатуу, өндүрүштүк чынжырчаны түзүү жана экспорттук потенциалды өстүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде өкмөт башчылары Биримдик алкагында интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алакаларды чыңдоого жана башка бир катар актуалдуу маселелер боюнча активдүү өз ара иш алпарууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.