Криштиану Роналду дарегине карата айтылып жаткан маалыматтар боюнча үн катты

Акыркы убакта Криштиану Роналду “Ювентус” клубунан кетиши мүмкүн деген божомолдор айрым чет элдик массалык маалымат каражаттарына жарыяланды. Ал тургай “Реал Мадрид” клубунун жетекчилиги Роналдуну кайра командага кайтарууну каалап жатат деген да маалымат тараган. Бул кабарларга чекит коюуну чечкен футбол жылдызы Инстаграм баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Аз сүйлөп, көп иш кылуу – бул менин карьерамдын башталышынан берки башкы урааным. Бирок акыркы убакта мен тууралуу байма-бай ушактар айтылып жатат. Ошондуктан мен өз позициямды билдиришим керек. Маалымат булактары менин келечегим тууралуу туура эмес маалыматтарды таратты. Бул биринчиден мени адам катары, футболчу катары, экинчиден клубду жана оюнчуларды сыйлабагандык", - деп жазган футболчу.

Ал "Реал Мадридге" кайтып келиши тууралуу маалыматтарды четке каккан эмес.

"Менин тарыхым "Реалда" жазылган. Анын бардыгы "Бернабеу" стадионундагы музейде жана клубдун ар бир күйөрманынын эсинде”, - деген.

Эске салсак, Криштиану Роналду 2018-жылы Италиянын “Ювентус” клубуна өткөн жана 2022-жылдын июнь айынын аягына чейин келишим түзгөн. Ал эми буга чейин “Реал Мадрид”, “Манчестер Юнайтед” жана “Спортинг” клубдарында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-08-21 12:39:47
Аз сүйлөйм дейби? Өллө мактайтко өзүн, ошолбу аз сүйлөгөнү?))
-4
ulanbek2000
2021-08-21 20:34:11
Pankration_MMA,былжырабачы. Каякта болсо сен. Соо элесинби деги
-3
Dembele84
2021-08-23 12:15:41
ulanbek2000,Мушташып журосун го бок баш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан