Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 29 жаштагы Дүйшө Немат уулу аттуу тургун дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, 20-апрель күнү Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чаңгет-Сай айылынын 1992-жылы туулган Дүйшө Немат уулу аттуу тургуну өзү жашаган үйүнөн “Бишкек шаарына барып иштеп келем” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал эми аны 12-май күнү Бишкек шаарынан көргөндөр болгон.
Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү ак жумал, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында авариядан калган тырыгы бар.
Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.