Бүгүн, 19-августта Орусиянын Уфа шаарында өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Бүгүнкү беттеште күрөштүн грек-рим түрү боюнча 4 кыргыз балбаны күчүн сынады. 55 килограмм салмакта катышкан Акыйкат Күлжигит уулу алгачкы жүрүшүндө эле коңшу өзбекстандык Алимардон Абдуллаевге 5:1 эсебинде жеңилип калды.
63 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугуна катышкан Өмүрзак Тилекабылов дагы алгачкы жүрүшүндө түркиялык балбанга 7:0 эсебинде жеңилди.
77 килограмм салмакта өлкө атынан катышкан Бакдаулет Эгенбердиев 1/16 финалда финляндиялык балбанды жеңип, 1/8 финалда орусиялык Ислам Алиевге 0:8 эсебинде жеңилди.
Ал эми 87 килограмм салмакта күчүн сынап жаткан Нарту Абдрахманов 1/8 финалда грузиялык балбанды жеңип, чейрек финалга чыкты. Анын чейрек финалдагы атаандашы аныктала элек.
130 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугуна катышкан Эрлан Манатбеков алгачкы жүрүшүндө эле түркиялык Мухаммед Хамза Бакир аттуу балбанга 8:0 эсебинде жеңилип калды.