Байлыгы 186 миллиард долларга жакын. Дүйнөдөгү эң бай адам аталды

Дүйнөдөгү эң бай адам деп кайрадан "Amazon" менен "Blue Origin" космостук компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө анын байлыгы 185 миллиард 900 миллион долларга бааланууда.

"Рейтингде экинчи сапта "Louis Vuitton" жана "Dior" сыяктуу кымбат бренддердин ээси Бернард Арно турат. Анын учурдагы байлыгы 175 миллиард 800 миллион доллар деп бааланды. Ал эми үчүн орунду "Tesla" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск ээледи. Анын байлыгы 180 миллиард 500 миллион доллар.

4-сапта "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс ээледи", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин дүйнөдө эң бай адам "Louis Vuitton" жана "Dior" сыяктуу кымбат бренддердин ээси Бернард Арно турганы кабарланган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-08-21 09:01:29
Эптеп түшүнүп коёбуз да жазгандарын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан