Ооганстандын борбору Кабулду талибдер басып алгандан кийин бир катар азык-түлүктөрдүн баасы 30 пайызга чейин кымбаттады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар күрүч, буурчак өсүмдүктөрү, кант жана чай кымбаттаганын байкашкан. Саясий оор кырдаалдан улам экспорт менен импорттун көлөмү төмөндөгөн.
Жергиликтүү соода түйүнүнүн ээси товарлардын ар кандай категориялары үчүн баалардын көтөрүлүшү 5 пайыздан 30 пайызга чейин болгонун айткан. Мисалы, мурун Кабулда он литр май 1000 афганиге сатылса, учурда баасы 1300 афгани болуп жатат.
Кабулдагы соодагерлер талибдер келгенден кийин дүкөндөрүн жабык кармашууда. Талибдердин аракеттери чакан ишкерлердин өмүрү менен мүлкү коопсуз бойдон каларынан күмөн саноону жаратууда.
Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.