Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов SUPER.KG порталынын "Хайп Тайм" рубрикасынын кезектеги коногу болду. Ал 2018-жылы чоң популярдуулукка ээ болгонун, ошол кезде көрө албастыктын айынан эл алдына көп чыкпай калганын айтат. Ошол эле учурда эгер учурдагы өлкө башчы Садыр Жапаров абактан чыкпаганда элдин колдоосу менен президент болмок экенин билдирди.
"Эгер Садыр Жапаров түрмөдөн чыкпаганда эл мени колдоп, аянтка алып барып мени президент кылмак экен. Буйрук экен Садыр Жапаров чыгып калды. Ал азыр жакшы эле иштерди жасап жатат, кийинки президенттик шайлоого катышайын деген ойлорум бар, элим мени кайра колдоп берсе жетинчи президент болууга даярмын", - деди ал.
Көптөгөн маектерден баш тартып "Хайп Тайм" рубрикабызга макулдук берип келген Зарылбек мырза күйөрман кыздарына ачыла элек сырларын ачты. Ал 2018-жылы үйлөнүп, учурда бир баласы бар экенин айтат.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.