"Турмуш куруу жана балалуу болууну жаш кезде пландаштырууну жайылтуу керек". Кытай 3 балалуу болууга уруксат берди

Кытай өлкөсүнүн Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитети жарандарына 3 балалуу болууга уруксат беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түзөтүүлөр киргизилген бул мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына ылайык, турмуш куруу жана балалуу болууну жаш кезде пландаштырууну жайылтуу да каралган. Ошондой эле өкмөт тарабынан жаш үй-бүлөлөргө финансылык, салыктык, камсыздандыруу, билим берүү жаатында жеңилдиктерди берүү маселеси приоритетте. Ал эми жергиликтүү бийлик жана жумуш берүүчүлөр жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жаш үй-бүлөлөрдү кошумча эмгек өргүүгө чыгарат.

Мындан сырткары Кытай өкмөтү 3 балалуу жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесинде жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүнү пландап жаткандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirnar
2021-08-20 16:55:47
Бизикилер тегиз пособие бергени да жарабайт, только жеш экерек, тойгуча жеши керек.
+4
Antiradikal3
2021-08-20 18:13:29
Кытайлар кобойсо дуйнону апаат кутуп турат. Негизи Жер шарына 7-8 миллиард адам коптук кылат. Ото эле коп. 1-2 миллиардка чейин болуу керек эле. Эми Кытай элин кобойтсо, эли Кытайга батпай, жаны согуштар башталат... Чон апааттар кутуп турат.......
+1
Alinur96kg
2021-08-20 21:48:05
Эми таракандай эле жымырашат экен да,и так эле любой жерди каптап кетишти эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан