Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу Кыргыз жараны кармалды.
"Ал 2015-жылы Сирияга кеткенин жана "Хаят Тахрир аш-Шам" эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. Кармалган жаран чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз өлкөсүнө кирип, террордук аракеттерди жайылтуу жана жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды. Ал сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады УКМК.