Биз социалдык тармакта

"Унааларды туура токтоткула". Бишкектин "Ош базарында" рейд өтүүдө

Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагында рейд өттү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери салык кызматкерлери жана Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери менен бирдикте "Ош базарында" мыйзамсыз баш аламан соода-сатык кылган жарандарга карата атайын рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

"Рейд учурунда жолдун жөө адамдар өтүүчү бөлүгүнө чыгып кетип, жарандарга жана айдоочуларга тоскоолдук жараткан мыйзамсыз соода-сатык кылган жарандарга карата тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле туура эмес токтогон автоунааларга тийиштүү протоколдор толтурулуп, такси кызматында иш алып барган айдоочулардын салык кызматы тарабынан патенттери текшерилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы базарлардын тегерегиндеги тартипти орнотуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларды туура түшүнүп, жол эрежесин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-08-21 12:37:59
Бейшеналиева-Чүй, Бейшеналиева-Киев көчөлөрүнө подземка же наземка куруу керек. Токтогул-Бейшеналиевадагыдай кылып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан