"Каргалардын айынан". Казакстанда аким айылдагы жарыктын өчүп жаткан күтүүсүз себебин айтып шылдыңга калды (видео)

Коңшу Казакстандын Актөбө облусуна караштуу Тамды айылындагы жарыктын өчүшүнүн себебин айткан район акиминин видеосу учурда кызуу талкууга алынууда. Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Аким Рауан Аскаровдун айтымында, айылда электр жарыгы каргалардын айынан өчүп жатат. Журналист менен акимдин диалогу төмөнкүчө болгон:

- Трансформаторго карга конуп анан күйүп, чыңалуу берип жатат. Жарык ошондон өчүүдө.

- Карга? Алакандай болгон куш?

- Ал учат, канаттары темирге тиет.

- Балким, карга трансформаторго жакындабаш үчүн тосуу керек.

- Тосулган.

- Эми бул маселени кантип чечсе болот?

- Мен бул маселени кантип чечүүнү билбейм.

Акимдин бул жообу көпчүлүк интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирсе, айрымдары акимди тамашага салып, шылдыңдашкан. Айрымдары буга чейин бийликтин мындай көзөмөлүнө көнүп калганын белгилешкен.

Казакстанда аким айылдагы жарыкты өчүшүнүн себебин айтып шылдыңга калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-08-21 08:43:53
Тооба, казактарда деле бизден бар экен
+9
Gulina90
2021-08-21 08:59:50
Каргаларды атыш кк деп койбоптур да бир жолу.
+10
Talantus
2021-08-21 09:27:09
Каргаларды танк менен атыш керек.
+10
Nina.alex
2021-08-21 09:43:11
Бизликилер мындан жаман куйгузушот
+7
Pankration_MMA
2021-08-21 12:36:10
Атамбаептин иниси экенда.
+3
suban78
2021-08-21 13:14:17
Ээ казактар деле биздей эле окшойт гоо...
+2
Adi010891
2021-08-21 13:52:25
Биздин чондордон суу эмнеге азайды деп сураса, сууну балыктар ичип атат, балыктар куноолу дешпесе болду эми!
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан