Соода түйүндөрүнө кумшекердин баасын 54 сомдон ашырбоо сунушталды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги соода тармактарына кумшекердин баасын 54 сомдон жогорулатпоону сунуштады.

Агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, базар бааларына жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө кумшекердин орточо чекене баасы 61 сом 90 тыйынды түздү. Ал эми "Кошой" ишканасында кумшекердин дүң баасы 52 сомду түзөрү аныкталган.

"Мамлекеттик агенттик бааны төмөндөтүү маселеси боюнча сатуучулар менен да, ата мекендик өндүрүүчүлөр менен дагы туруктуу негизде иш алып барууда. Мындан улам соода түйүндөрүнө кумшекерди 54 сомдон сатуу сунушталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан