Грузиялык спортчу мейманкананын кароолчусуна оор залал келтиргени үчүн аккредитациядан ажыратылды

Дзюдо боюнча Грузиянын улуттук курама командасынын спортчусу Звиад Гогочури мейманкананын кароолчусуна оор залал келтиргени үчүн камакка алынып, "Токио-2020" Паралимпиададагы аккредитациядан ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-августта Токиодогу мейманканалардын биринде грузин спортчулары спирт ичимдигин ичишип, ызы-чуу чыгаргандыгы үчүн меймакананын кароолчусу аларга эскертүү берген. Аны спортчу Гогочури түртүп жиберип, натыйжада кароолчу оор жаракат алган.

Гогочури полиция тарабынан кармалгандан кийин күнөөсүн моюнуна алган жана аккредитациядан ажыратылган. Ал эми команданын калган мүчөлөрү эскертүү алышкан.

Буга чейин Гогочури 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Паралимпиадалык оюнунда 90 килограммдык салмакта алтын медаль утуп алган.

Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан