Француз бийлиги тарабынан коронавирустун жайылышы боюнча чаралар күчөтүлгөндүктөн бир катар шаарларда нааразычылык акциялары өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Парижде тынч демонстрация полиция менен олуттуу кагылышууга чейин жеткен.
Франциянын COVID паспорт мыйзамы ири соода борборлоруна кирүү үчүн эмдөөнүн тастыктамасын талап кылса да, аянты 20 миң чарчы метрден ашпаган жайлар бул чектөөлөргө кирбейт.