Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV эл аралык "Айтыш-2021" өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов SUPER.KG порталына билдирди.
"XIV эл аралык айтыш өтөт. 30-август күнү жарым финал, 31-август күнү финалдык айтыш болот. Бүгүн, 20-августта "Манас" кинотеатрында тандоо туру болуп, ага 44 акын катышты. Жыйынтыгында 8 төкмө тандап алынып, айтышка жолдомо алды. Буюрса, Казакстандан дагы 8 акын келет. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Улуттук өнөргө кызыккан ар бир Кыргыз жаранын айтыш көрүп кетүүгө чакырам", - дейт Маратов.
Тандоо турунан төмөнкү акындар тандалып алынды:
1. Амантай Кутманалиев - 70 упай;
2. Баян Акматов - 70 упай;
3. Акматбек Султан уулу - 70 упай;
4. Асылбек Маратов - 70 упай;
5. Жылдызбек Төрөканов - 70 упай;
6. Турат Жумаев - 69 упай;
7. Кубат Тукешов - 69 упай;
8. Мундузбек Борончуев - 69 упай.