Бишкек шаарында 23 жаштагы жигит өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө. Маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты.
Милициянын маалыматына ылайык, 14-август күнү Биринчи Май райондук милициясына Ж.Б. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызда 9-июнда Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсүндөгү мейманканалардын биринен К.А. аттуу жаран арыз ээсинин 2006-жылы туулган кызы менен аны алдоо жолу аркылуу жыныстык катнашка барганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ошол эле күнү жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жыйынтыгы даяр болгондо юридикалык баа берилет. Ал эми тергөө ишинин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталган, ал 1998-жылы туулган К.А. аттуу жаран болуп чыккан. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти милициядан.