Ырчы Үмүтай Абдышова: "Башкалардай апама эркелей албайм"

Фольклордук ырларды комуз менен ийине жеткире ырдап, эл оозуна алынган ырчы Үмүтай Абдышова SUPER.KG порталына апасы, таенеси тууралуу айтып, кызыктуу маек куруп берди.

"Балалыгым таята, таенемдин жанында өттү. Апамдын колуна 6-классымда келдим. Апамдын мүнөзү катуу, башкалардай болуп эркелей албайм. Жакшы көргөнүн сыртына такыр чыгарбайт, дайыма критиканын үстүндө. Сезимдеримди билдирбеген сапат менде дагы бар, эбедейим эзилип турса дагы такыр сыртыма чыгара албайм. Мага караганда балам аябай мээримдүү. Телефон чалып, "Тамак ичтиңизби, үшүгөн жоксузбу, сизде баары жакшыбы" деп ар дайым сурап турат. Мен эмнегедир аябай көп түш көрөм, мурда таенеме айтып жоорутуп алчумун. Азыр эч кимге айта албайм", - дейт Абдышова.


Үмүтай Абдышова: "Мээримди баламдан алам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан