"Балдарын америкалык аскерлерге тапшырып жаткан аялдар бар". Варламов Кабул аэропортундагы абалды баяндады

Кабул аэропортунда башаламандык али токтой элек. Бул тууралуу бир канча убактан бери Ооганстанда жүргөн орусиялык блогер Илья Варламов Инстаграм баракчасы аркылуу билдирип, сүрөт, видеолор менен бөлүштү.

"Талибдер адамдарды асманга ок чыгаруу менен таркатышууда. Кабул аэропортунда жекшембиден бери кеминде 12 адам каза болду. Талибдер адамдардын өлүмүнө чет өлкөлүктөрдү күнөөлөп жатышат.

Оогандыктар чет өлкөлүк аскерлерден жардам сурашууда. Америкалык жоокерлер аялдарга балдары менен дубалдан ашып өтүүгө жардам берүүдө. Арасында кичинекей балдарын гана аскерлерге берип жаткандар да бар. Ал эми качкындарды эвакуациялоочу учактар Кабулдан 24 саат бою учуп жатышат. АКШ баштаган бир катар өлкөлөр өз жарандарын жана коркунучта турган оогандыктарды алып кетүүдө", - деп жазып калтырган блогер.

Эске салсак, Ооганстандагы бийлик "Талибан" кыймылынын колуна өткөндөн бери өлкөдөн кетүүнү каалаган оогандык жарандардын арты суюлбай, Кабул аэропортунда башаламандык токтобой келет. Буга чейин талибдер оогандыктардын аэропортко кирүүсүнө тыюу салганы айтылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Кабул аэропортундагы абал
Кабул аэропортундагы абал 2
Кабул аэропортундагы абал 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан