10-ноябрда күч органдарынын кызматкерлери арасында “Погончон Мисс” аттуу сынак өтөт

2013-жылдын 10-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда күч органдарында эмгектенген айымдар арасында “Погончон Мисс” аттуу сынак өтөт. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Нуржан Аликова билдирет. Сынакка Ош шаардык ички иштер башкармалыгында, Жалал-Абад, Нарын облусунун күч органдарында, КРнын Ички иштер министрлигинде жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында иштеген 6 кызматкер катышат. Сынак 6 баскычтан туруп, анда катышуучулар “Мен ар тармактуумун”, “Мен үйдө погонсуз”, “Мен ырдайм жана бийлейм” жана башка сынактарда күч сынашат. Жеңүүчүлөр кандай сыйлыктар менен сыйланары азырынча аныктала элек.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан