Түндүк Корея бийлиги өлкө лидери Ким Чен Ындын сырткы келбетин талкуулоого тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, июнь айында Ким Чен Ындын коомчулукка чыкпай калганы, бир кыйла арыктаганы эл арасында оор дарт менен алышып жатат деген имиштерге себеп болгон.
"Өлкө лидеринин арыктоосу анын ден соолугуна байланыштуу эмес. Өлкө пандемия учурунда чоң кризиске кабылды. Ошол себептүү ал мамлекеттик иштердин көптүгүнөн арыктап кетти", - деп жазылат маалымат булактарда.
Өлкө бийлиги Ким Чен Ындын ден соолугу жана сырткы келбети тууралуу маалымат таратууну чыккынчылык деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Ким Чен Ын 2011-жылы атасы Ким Чен Ир (мурунку өлкө башчысы) көз жумгандан кийин бийликке келген.