Айдоочу бетон тосмону сүзгөн. Чүйдө автокырсык катталып, 3 адам мерт кетти

Чүй облусунун Ивановка айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Дагы 3 адам жабыркаганын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн.
"Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 бала) жеринде каза болуп, дагы 3 адам жабыркады (2 аял, 1 эркек). Учурда кырсыкка кабылгандардын аты-жөндөрү такталууда.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Ал эми каза болгон адамдарды куткаруучулар жеткенге чейин "Тез жардам" кызматы алып кеткен", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kona8631
2021-08-20 22:58:35
Ушундай водилалардын айынан канча киши каза болуп или инвалид болуп жатышат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан