Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Сезим Жуманазарова коло медаль тагынды. Ал 57 килограмм салмакта күч сынашты.
1/8 финалда швециялык Анна Регина Флоретин аттуу балбан кызды 4:4 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда италиялык балбан кызга 1:2 эсебинде утулган.
Жубатуучу беттеште Сезим Жуманазарова шри-ланкалык балбанды, коло медаль үчүн күрөштө польшалык спортчуну жеңип алды. Муну менен жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгы экинчи медаль менен толукталды.