Бишкекте унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Айдоочусу каза болгону айтылды

Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жеринде көз жумганын окуянын күбөсү кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 20-августта саат 19:00 чамасында Токомбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталды.

Күбөнүн айтымында, айдоочу "Тез жардам" кызматы келгенге чейин каза болду. Жеринде укук коргоочулар тактоо иштерин жүргүзүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан