Чүй облусунун Токмок шаарында 13 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнгө шектүү кармалды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран кылган ишин моюнга алган.
Маалыматка караганда, Токмок шаарынын тургуну 25-июнда милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 13 жашар жээнине кошунасы ыплас иш-аракеттерди жасаганын айтып, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Ал өспүрүм кыздын мыйзамдуу камкорчусу.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 165-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Ал эми укук коргоочулар өспүрүмдү мыйзамдуу камкорчусунун жана коомдук өнүгүү өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алган. Анда жабырлануучу 25-июнда түн ичинде кошунасы аны кармап, унаага салып кеткен. Коркутуп жатып шымын чечүүгө мажбурлап, тийише баштаган. Бул учурда анын туугандары издеп баштаганын көрүп коё бергенин билдирген.
Бул ишке шектелип жаткан 1993-жылы туулган У.У. кылган ишин моюнга алган. Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми өспүрүмдүн буюмдарында шектүүнүн биологиялык издери бар экени аныкталган. 30-июлда шектүү кармалып, камакка алынды.
Экспертизанын корутундусунан кийин шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгонун айтып, көрсөтмөсүн өзгөртө баштаган. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин шектүү жанан анын туугандары өспүрүм кызына, жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Бул тууралуу кыздын камкорчусу тиешелүү органдарга билдирди. Ал эми өспүрүм камкорчусунун катышуусунда көрсөтмө берүүдөн таптакыр эле баш тарткан. Мындан улам ал реабилитациялык борборго жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда бул факты боюнча материалдар УКМКда каралууда.