Ысык-Көл облусунун Түп районунун Казакстан менен чектешкен аймагында жапайы кендир өсүмдүгү жок кылынды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жапайы өсүмдүктүн узундугу 2 метрге жетет.
"Кендир өсүмдүгү Табылгыты аймагында аныкталган. Чек арага жакын жайгашкан аймактагы тургундардын баӊгизаттарын даярдоонун алдын алуу, ошондой эле алар тараптан чек араны бузууга, наркотрафикке жол бербөө максатында иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында 10 сотых жердеги жапайы кендир чабылып, 5 тонна жашыл масса өрттөлдү", - дешти башкармалыктан.
Кендир - куурай өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы чөп.