
Нигериянын Лагос штатынын өкмөтү көчөдө кайыр сурап, тилемчилик кылууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бийлик кээ бир жергиликтүү кайырчылардын ишин шаардагы кылмыштуулук менен байланыштырууда, анткени алар шаар тургундарына кол салып, тоноп кетишкен. Бийлик мындай иш-аракеттердин кесепеттери, айрыкча кайыр суроого мажбур болгон балдардын жашоосуна тынчсызданышат. Ошондуктан өкмөт штатта ишин токтотот деп күтүлүп жаткан атайын топ түздү.
"
Бул жарандардын биздин көчөлөрдөгү ишмердүүлүгү адамдардын жана унаалардын кыймылына тоскоол болуп, экологиялык көйгөйлөрдү жана коопсуздукка коркунуч жаратууда", - деген өкмөттүн өкүлү
Олусегун Давод.
Анын айтымында, көчөдө жүргөн кайырчылар башка жарандарга тоскоол болуп, кээ бирлери кайырчы кейпин кийип, Лагостун тургундарына кол салышат.