Борбор калаада жаңы №17 автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кызыл куруучу конушунун жашоочуларынын көп сандаган өтүнүчтөрү боюнча №17 жаңы автобусу ишке кирди.
"Автобустар Кызыл куруучу - Кызыл -Аскер (маршрут айланма) каттамын ишке ашырат. Транспорттун пландаштырылган чыгуусу 15 автобус. Кечээ, 20-августта линияга алгачкы 8 автобус чыкты.
Жол кыймылы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жетекчилик тарабынан "Эко Пассажир Транспорт" ЖЧКсы менен биргеликте иштелип чыккан", - деп билдиришти мэриядан