Ош-Баткен-Исфана жолунун 93-чакырымында Портер автоунаасы жолдун боюндагы темир тосмону сүзүп кырсыкка учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 20-август күнү саат 23:53 чамасында катталган. Анда Ош-Баткен-Исфана жолунун 93-чакырымында Портер автоунаасы жолдун боюндагы темир тосмону сүзүп токтогон.
Куткаруучулар унаада кыпчылып калган айдоочуну "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы орто.