Бишкекте кечээ, 20-августта жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1990-жылы туулган айдоочу жеринде жан берди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Порш Бекстер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочу Масалиев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып автоунааны башкара албай жол жээгиндеги бардюрду жана мамыны сүзүп токтогон.
"Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу окуя болгон жерден көз жумган. Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери аныкталып жатат", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Эске салсак, буга чейин аталган кырсык тууралуу видео тараганы кабарланган.