Биз социалдык тармакта

Жаан-чачын күтүлбөйт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 22-августта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан