Казак элинин жазуучусу, акыны Мухтар Шаханов Кыргыз өлкөсүнө даректүү тасмага тартылүү үчүн келди. Бул тууралуу режиссёр Руслан Машраповго байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымына караганда, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата кыргыз-казак достугун бекемдөө максатында даректүү тасма тартылат.
"Мухтар аганы даректүү тасмага тартуу үчүн чакырдык. Буга чейин (июнь айында) эки мамлекеттин ортосундагы маданият тармагында тажрыйба алмашуу алкагында кыргыз-казак достугун бекемдей турган даректүү тасма тартуу боюнча чечим кабыл алынган. Ошол эки элдин достугунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун достугун алганбыз. Тасманын тартуу иштерин уюштуруу үчүн өлкөгө 3 күнгө Мухтар Шаханов аганы алып келдик. Бул жакта жазуучу маданий иш-чараларга катышат. Ошондой эле чыгармачылык кечесин өткөрүүнү пландап жатабыз", - деди Машрапов.
Буга чейин казак элинин жазуучусу Мухтар Шаханов Кыргыз өлкөсүнө келгени кабарланган.