"Баарлашабыз". UFC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт

Белгилүү UFC мушкери Рафаэль Физиев 1-сентябрь күнү борбор калаадагы соода борборлордун биринде күйөрмандар менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу мушкер Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

"Ассаламу алейкум кыргызым. Баарыңарга салам. 1-сентябрда саат 18:00дө соода борборлордун биринде жолугушабыз. Баарыңар келгиле. Баарыңарды көргөндөн кубанычта болом. Баарлашабыз. Кызыктырган суроолоруңуздарды бериңиздер. Аябай кызыктуу болот деп ишенем", - деп видео аркылуу кайрылган мекендешибиз.

Эске салсак, Рафаэль Физиев 8-августта UFC 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңишке жетишкен. Муну менен кыргыз мушкери катары менен төртүнчү жолку жеңишин камсыздап, UFC'деги эң мыкты 15 мушкердин катарына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан