Ооганстандын экс-президенти Ашраф Ганинин бир тууганы талибдердин катарына кошулганы белгилүү болду

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Ганинин бир тууган иниси Хашмат Гани "Талибан" кыймылына кошулганы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Хашмат Гани мурдагы өлкө башчы Ашраф Ганинин бир тууганы. Ислам Эмираты үчүн (ред.: Ооганстан талибдердин айтуусунда) Халил Ар-Рахман Хаканинин катышуусунда ант берди", - деп жазылган талибдердин билдирүүсүндө.

Ал эми Халил Ар-Рахман Хакани "Талибан" кыймылын колдогон "Хакани тармагы" террордук уюмунун негизги мүчөлөрү экени айтылган.

Эске салсак, мурдагы президент Ашраф Гани талибдер Кабулду басып кирген күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй ал үй-бүлөсү менен бирге Бириккен Араб Эмирлигинде экендиги белгилүү болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан