Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган. Анда кичи автобус менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Кырсыктан жаракат алгандардын саны 6. Алар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.