Чет элдик студенттер окуусун улантуу үчүн Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалыматына таянуу менен орусиялык басылмалар жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, кирүү эрежелери буга чейин иштелип чыккан жана жакынкы убакта бекитилиши керек.
"Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер жатаканаларга жайгашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча штаб тарабынан колдоого алынды", - деп жазылат маалыматта.