Япониялык дизайнер Казу Сато "Disrupt Lab" компаниясы менен биргеликте Токиодо өзгөчө коомдук даараткананы жасап чыкты. Бул тууралууу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, коомдук даараткана жөн жерден "Hi Toilet" (Салам даараткана) деп аталып калган эмес. Себеби аны үн буйруктарынын жардамы менен башкарууга мүмкүн. Даараткана ак түскө боёлгон жана тоголок формада. Ошондой эле ал ар кандай буйруктарды (эшикти ачуу же жабуу сыяктуу) түшүнүп аткара алат.
Мындан тышкары даараткана 24 сааттык желдетүү системасы менен жабдылган.
"Бул даараткана Токионун таза шаар имиджине салым кошот деп ишенем" деген дизайнер Казу Сато.