Биз социалдык тармакта

6 күнгө созулат. Эртең Анкарада Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү башталат

Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргыздын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Элчиликтин маалыматына ылайык, маданий иш-чараны Кыргыз өлкөсүнүн Анкарадагы элчилиги менен Анкара шаарынын мэриясы биргеликте уюштуруп жатат.

"Көргөзмөгө кыргыздын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлат.

Сүрөт көргөзмөсү 23-28-август күндөрү "Zafer" базарынын Көркөм өнөр галлереясында өтөт", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан