Бокс ааламындагы легендарлуу мушкер Мэнни Пакьяо WBA'дин (Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму) "супер чемпиону" титулу үчүн болгон беттеште кубалык Йорденис Угаска жеңилип калды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалар жарыялады.
Маалыматка ылайык, 22-августта Лас Вегастагы Ти-Мобайл бокс аренасында профессионалдуу бокс кечеси болуп өткөн. Кеченин негизги беттешинде WBA'дин "супер чемпиону" титулу үчүн 35 жаштагы Йорденис Угас менен белгилүү филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо күч сынашкан.
Беттеш акыркы 12-раундга чейин созулуп, калыстардын чечими менен кубалык мушкер жеңүүчү аталган.
Эске салсак, 45 жаштагы Мэнни Пакьяо профессионалдуу бокста 8 салмак категориясындагы дүйнө чемпиону. Ал акыркы жолу 2019-жылы америкалык Кит Турман менен беттешип, утуп алган.