Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов ооганстандык күйөрмандары тарабынан катуу сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күйөрмандардын нааразылыгына 18-августтагы маалымат жыйынында орусиялык мушкердин Ооганстан тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тартканы себеп болгон. Анда журналисттер мушкерден Ооганстандагы абал боюнча пикирин сураган. Бирок, Хабиб Нурмагомедов ал жактагы абалга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Көп өтпөй мушкер Инстаграм баракчасына орусиялык автожарыш спортчусу Никита Мазепин менен түшкөн сүрөтүн бөлүшкөн. Ал сүрөттүн астына бир катар оогандык күйөрмандары нааразы пикирлерин калтырышкан.
"Акча адамдарды аябай өзгөртөт, дал сени өзгөрткөндөй".
"Журналистке берген мындай жообуңдан соң урмат-сыйыңды жоготтуң".
"Ооганстандагы күйөрмандарыңды жоготуп алдың. Эми алар үчүн эч ким эмессиң".
"Сиз бүтүндөй бир өлкөнүн көңүлүн калтырдыңыз"
"Хабиб, ар бир ооганстандык сени колдошчу. Бул жакта ушунча көп күйөрманың бар туруп "ал жактагы абалга эч тиешем жок" деп айттың?"
Эске салсак, өткөн жекшембиде талибдер Ооганстандын борбору Кабулга басып кирип, бүтүндөй өлкөгө көзөмөл орнотконун жар салган. Андан бери аталган өлкөдө абал тынчыбай, карапайым эл арасында орун алып жаткан баш аламандыктар өлүм менен коштолгон учурлар катталууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.