Боливиянын абакта жаткан мурдагы президенти кан тамырларын кесип, өз жанын кыюуга аракет жасаган

Боливия өлкөсүнүн мурдагы убактылуу президенти Жанин Аньес абактан өз жанын кыюуга аракет кылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ал кан тамырларын кесүүгө аракет кылып, билегин үч жеринен кескен.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы өлкө башчыны түрмөнүн дарыгери көрүп, андан кийин жабырлануучу абактагы ооруканага жеткирилген.

"Өлкөнүн ички иштер министри Карлос Кастильонун айтымында, жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч жок. Суицид жасоодон бир күн мурда Аньеске геноцид боюнча айып тагылган. Анын өз жанын кыюуга аракет кылуусу жардамга чакыруу экенин жактоочулары айтышкан. Алар Жанин Аньестин психологиялык абалын оор деп баалашат. Буга чейин жактоочулар Аньестин ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулушун камсыз кылууга аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Жанин Аньес Боливия Сенатында оппозициянын лидери болгон, 2019-жылы ноябрда өлкөдө саясий кризис башталганда шайлоого чейин өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Ал өлкөнү 13 жыл башкарган Эво Моралестин отставкасынан кийин анын ордун ээлеген. Бирок Моралестин тарапкерлери Аньести тааныган эмес. Массалык нааразычылык акциялары 37 адамдын өлүмү менен аяктаган.

2021-жылдын мартында Жанин Аньес жана анын администрациясынын бир нече мүчөлөрү төңкөрүшкө даярданган жана катышкан деген айып менен камакка алынган. Ал ошондой эле нааразычылык акциялары учурунда 20 кишинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Аньес өзүнүн күнөөсүн моюнга албайт жана саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун ырастап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан